Журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду

990

Журналист Тойгонбаев Майрамбек Осмоноалиевич 33 жашында каза болду. Биздин редакцияга жакындары ырастагандай, маркумдун кан басымы көтөрүлүп, ооруканадан көз жумган.

Акыркы жылдары Майрамбек Тойгонбаев Жогорку Кеңештин маалымат кызматында эмгектенип келген.

Ал 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган.

“Чындык.медиа” маалымат агенттигинин жалпы жамааты Майрамбек Тойгонбаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

+2