Элдин акчасына, түшүнүктүү болуусу үчүн мамлекеттин дейличи, ошол элдик бюджеттин эсебинен салынган имарат болобу, жол болобу, айтоор ага “автор” боло калган эл өкүлдөрүндө бет деле жок, ошол депутатты салды деп ишенген элде мээ деле жок!!!
Айтайын дегенибиз, акыркы учурларда депутаттар элдин талабын трибуна аркылуу айтып коюп эле, анан ошол ишти “мен бүтүрдүм” деп упай топтогон көрүнүштөр көп учурай баштады. Анда эмне, мамлекет эшек талкалап отурабы?
Бир эле мисал, кечээ эле “Ала-Арча” мамлекеттик паркынын жолу жаңыланып, эс алуучуларга жакшы жаңылык катары жар болду эле, капталдан өзүн мактаткан эл өкүлү чыкты. Башыңды кармап тим болосуң!
Акыркы учурларда мамлекеттин карамагындагы имараттар оңдолуп, тарпы чыккандар талкаланып кайра салынып, салынышы керек болгондордун долбоорлору чийилип, айтоор көңүл жылытаарлык иштер жасалып жатканы айрым ичи тарлардын түн уйкусун бузуп жатканы өкүнүчтүү.
Жакшы иштин жарчысы катары айтып койгонго милдеттүүбүз. Ооба, Президенттин Иш башкармалыгын жетектегени аз убакыт болсо да Каныбек Туманбаев мырза уюштуруучулук мыкты талантын көрсөтө алды. Келгени майыптарга деп имаратты баштатып, эски Өкмөт үйүнүн тышын жаңылап, “Ала-Арча” мамлекеттик паркынын жолу менен кошо инфраструктурасын мыктылап, айтоор өзүнө жүктөлгөн жана жеке максат катары кабылдаган иштеринин алгачкы жыйынтыктарын көрсөтө баштады.
Баарынан да, эски Өкмөт үйүнүн сыртынын оңдолуп жатканы кубаттоого татыктуу. Өлкөнүн биринчи жүзү президент отуруп иштей турган жаңы имараттын курулушу толук бүткөнчө, ошол эски Өкмөт үйүнүн жакшырып жатканы сонун болбодубу? Чет элдик өкүлчүлүктөрдү кабыл алууда жок дегенде заманбап көрүнүшү менен көңүл кубандырып тураар.
Ал эми “Ала-Арча” мамлекеттик паркы кооз жаратылышы, кыргыздын материалдык жана руханий байлыгын чагылдырган жасалгасы менен өзүбүздү да, бизге келген өңгөнү да эми зымырайган жолу, зыңкыйган тейлөөсү менен таң калтырып тураары анык. Мындай мыкты иштердин башында турган Каныбек мырзага ыраазычылык айтып, ийгилик каалоодон башка кебибиз жок.
Булак:Чындык.Медиа