Жогорку сот кримавторитет “Дөө Чыңгыз” каймана аттуу Жумагуловду 5 жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырды

243

Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго буга чейинки инстанцияны колдогон чечим чыгарды. Муну менен ал 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттон тастыкташты. Сотко Жумагуловдун жактоочусу кайрылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарып, судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, 5 жылга түрмөгө кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

0