Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев каза болду

1005

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын достору кабарлады.

Алишер Мамасалиев 48 жашта болчу. Ал акыркы убактарда ооруп жүргөн жана чет мамлекеттерде дарыланган.

Маркум 1973-жылы Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган.

1997-1999-жылдары Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) “Замана” студиясында журналист болуп иштеген. 2003-жылы жаштардын “Алико” бейөкмөт уюмун жетектеген.

2006-жылы “Кел-Кел” жаштар кыймылын башкарып, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2015-жылы парламенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып, бирок ден соолугуна байланыштуу тизмеден чыкканы кабарланган.

+1