Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков кармалды

340

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков дагы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

«Асылбек Жээнбековго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 31-июлга чейин тандалды жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна деп белгиленди»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин ал “Кумтөр” боюнча сурак берип жатканын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышкан. Маалымат толукталат.

Булак:Супер.кж

0