Жогорку Кеңештин депутаты Алимбеков Баткенге 3 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү

323

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Баткен облусуна 3 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2 млн сом аз камсыз болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөргө берилет, ал эми 1 млн сом өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине которулат.

Нурбек Алимбеков белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон аймакта жашаган жарандар кыйынчылыктарга дуушар болду. “Алар биздин жардамыбызга жана колдообузга муктаж”, – деди ал.

Депутат кыргызстандыктарды Баткен облусунун жашоочуларына ар тараптуу жардам көрсөтүүгө үндөдү.

0