Жети адам жабыркады. Киргшелк айылында маршрутка менен оор жүк ташуучу унаа кагышты

97

Бишкек-Токмок-Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында (Киргшелк айылы) Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен “ЗИЛ-130” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышкан.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык бүгүн, 14-апрелде болжол менен саат 14:00дөр чамасында катталган.

Кырсыктын кесепетинен жети адам жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1952-жылы туулган К.Т. аттуу аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда абалдары орто экендиги кабарланды.

0