Кыргызстанда жеке клиникалар коронавируска каршы эмдөө иштерин жүргүзбөйт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, вакцина мамлекеттик бейтапканаларда гана сайылат.
“5-апрелге карата өлкөдө жалпы 644 адам эмделди. Алардын абалдары жакшы. Ар бир вакцина алган жаран маалыматтар базага киргизилүүдө жана тыкыр көзөмөлдө”, — дейт ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.
Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.