Жеңиш Разаковго карата «Тажикстандын шпиону» деген жарлык тагылууда, анын сары изин текшерүүгө убакыт келдиби?

3676

Убагында Жеңиш Разаковго карата «Тажикстандын шпиону» деген жарлык тагылып, ЖМКлардан кыйла айыпталган. Таңгалычтуусу, убагында Тажикстандагы кайсы бир күчтөр дал ушундай маалымат чыгарып атышса, бул боюнча кыргыз бийлиги неге реакция кылган эмес? Кийин,Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан алардын аймагында колго түшкөнүн моюндаган түшүнүк каты жарык көрүп, коомчулуктун кыжырын келтирген. Ал катты окуган кишинин оюна дароо эле Жеңиш Разаков чын эле тажиктердин “агентиби” деген ой келээри талашсыз. Болбосо сырдуу маалыматкаа ээ кызматкер катары колго түшкөнү аз келгенсип, эмнеге түшүнүк кат жазып берет? Бул бир. Экинчиден, кечээ Баткенде Тажикстан менен болгон кандуу кагылышууда жаалданган эл бул окуянын келип чыгышына Жеңиш Разаковду да күнөөлөп чыгышты. Баткендиктер тарабынан Жеңиш Разаковдун дарегине бир канча курч сындар айтылды. Ал иштеп турганда мамлекетке кайдыгер мамиле жасаганын, тажиктерге жан тартканын айтып чыгышкан видео тасмалар тарады. Демек, Жеңиш Разаков чын эле “Тажикстандын шпионубу?” деген суроо туулат. Андыктан УКМК бул эргуулдун сары изине түшүп, аны жоопко тартпаса абал чатак…

ЧЫНДЫК

+1