Жазуучу жана драматург Бексултан Жакиевдин эстелиги орнотулду

221

КР Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин, “Даңк” медалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы сыйлыгынын, “Астана” медалынын ээси, драматург, жазуучу, котормочу, публицист, коомдук жана саясий ишмер Бексултан Жакиевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун, маданият министри Азамат Жаманкуловдун, белгилүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлердин, ошондой эле жакындарынын катышуусунда өттү.

0