Жаш коррупционерлерге Нурлан Сулайманов уурдаганды үйрөтөбү?

488

Эл күтүп атат. Нурлан Сулайманов “куспай” жүрөт. Кезинде ага
“Коррупция”, “Кызматын кыянаттыкта пайдаланган” деген беренелер
менен кылмыш иштери козголуп, качып-бозуп да жүргөн. Азыр болсо
министрлер кабинетинин башчысынын кеңешчиси. “Майлуу”
тармактарды көзөмөлдөп алган… Кызы Жылдыз Сулаймановага, аялы
Айнура Сулаймановага Бишкектин эң баалуу жерлеринен тилкелер катталган, ал эми баласы Эльдар Сулайманов Ошто эки миллион
долларга мончо салганын өзү интернет айдыңына жар салып айтып
чыккан, андан башка дагы 7 фирма үй-бүлөлүк энчиде экен. Алардын
уставдык капиталы 100 миллион доллардын тегерегинде. Көмүскөдө
каткан байлыктары мындан көп го? Иши кылып мамлекеттик кызматта
жүрүп, баюунун үлгүсүн Нурлан Сулаймановдон жаш коррупционерлер
үйрөнүшсө болот. Алмамлекеттик казынага кантип кол салып, кылмыш
ишин эки жылга жеткирбей “эскирди” деп жаптырып салганды да
үйрөтсө, андан да жакшы болмок. Анткени, Кыргызстанда баары
сатылат эмеспи…

Булак: “Азия Ньюс” гезити

0