Оппозициядагы Рыскелди Момбеков менен Орозайым Нарматовага келгенде «жасалма диплом» чыры бир жумада күчүнө кирип, бирин БШК шайлоого талапкер катары каттабай койсо, экинчисин мандаттан ажыраткан.
Ал эми УКМК атайын териштирүүгө алып, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Фархат Исмаиловдун, «Альянстан» Фарходбек Алимжановдун жасалма дипломдорун тастыктап, БШКга официалдуу түрдө кайрылган.
Факты жүзүндө экөөнүкү тең далилдениптир. Ушунчалыкда кош стандарттуу саясат жүрөбү? Же токочу бар бала «сүймөнчүк» деген лакап ойноп жатабы?
Айтор, бул чуулганга бир айдан ашты. БШК билим берүү жана илим министрлигине, университеттерге Фархат Исмаиловдун, Фарходбек Алимжановдун «дипломдорун» текшертимиш этип, убакытты созуп жатканы кандай?
Нуржан Шайлдабекованын эмне билгени бар? Ушундай кадамдардын айынан бийликке ишенбөөчүлүк жаралат да, туурабы? Сөзсүз эле мыйзамсыздыкты жогорку төбөлдөр айтып чыгышып, аралашуусу керекпи?
Булак: Азия News гезити