Жаратман Түлеев алдыдагы аламанды кызытабы?

1053

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, “Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеев чынында эле күчтүү башкаруучу, мыкты чарбакер. Аны эч ким тана албайт. Жакында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешине Нариман Түлеев “Ак Бата” партиясы менен аттанып алгылыктуу натыйжа көрсөтө алды. Ошондой эле ал, базарчылар башкарган айрым партиялардан айрымаланып таза шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Шайлоо учурунда “Ак Бата” партиясы тууралуу бир дагы мыйзам бузуу фактылары коомчулук тарабынан таратылган жок. Демек, Түлеев базарчыларга окшоп капчыкка таянбай, жигитче күрөштү. Бишкектиктер Нариман Түлеевди жапа тырмак колдоп беришти. Бирок чындык үчүн күрөшкөн Түлеев партиясынын өткөнүнө топук кылып кол куушуруп олтуруп алган жок. Ал алгачкылардан болуп шайлоо таза эмес өткөнүн жар салып, шайлоону жокко чыгарууну талап кылды. Мынакей, чыныгы жигиттик сапатка ээ Түлеев дагы бир ирет өзүнүн адамдык бийик сапатын айгинеледи. Учурда “Ак Бата” партиясынын лидери алдыдагы аламанга кызуу даярданып, чыныгы мекенчил, иш билги инсандардан турган командасын таптап жатканын эшиттик. Элибиз колдоп турганда Түлеевдин тажрыйбасын шаарыбыздын өнүгүшү үчүн пайдаланып алсак неге болбоско, туурабы?

ЧЫНДЫК

0