Жапыкеев жаңы кызматка дайындалды

583

Бүгүн, 30-мартта Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул маалыматты Башкы прокуратурадан ырасташты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгон.

Ал 2020-жылы 17-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалып, 2021-жылдын 5-мартына чейин, тактап айтканда, мекеме жоюлуп кеткенге чейин аркалап турган.

Белгилей кетсек, Сыймык Жапыкеев мурдагы бийликтин тушунда кухнясынан түз эфир аркылуу бийликке сын айтып, саясатта багы ачылган. Октябрь революциясынан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы кызматын басып жыгылган. Жакында эле Генерал наамын алганын жар салып, бирок анысын президенттин маалымат кызматы расмий тактаган эмес.

0