Жапкандан башкага акылы жетпеген Максүтов…

511

Маданият министри Алтынбек Максүтов чарчады. Иштей албай жүдөдү. Экинчи ирээт министр болуп жатса, иштин көзүн билбей чайналды. Окшошконго мушташкан болуп, орун басарларынан дагы бак айтпаптыр.  Айтор мадинятр тармагында «араба сынбасын, өгүз өлбөсүн» деген абал. Анан алабарман албуут катын кейптенип «жабылсын» деп кыйкырып чыкканга эле маш экен. Бир нерсени өнүктүргөнгө караганда, жапкан, тыюу салган, бүлүндүргөн жеңил эмеспи. Ага акылдын кереги жок дегендей. Дегенибиз, буга дейре «Азаттыкты» жабылсын деп сотко берген Маданият министрлиги эми «Тик-Ток» социалдык тармагы элдин аң-сезимин бузуп жатат дегенди шылтоону бетине кармап Санарип министрлигине «жабылсын» деген сунуштамасын жөнөттү. Жүдөгөн Максүтов көзгө көрүнөөрлүк иш кылгандын ордуна «жаап, талкалап, жок кылыш керек» дегенди адат кылып алганы өкүнүчтүү. «Тик-Токту» жапса эле көйгөй чечилип калбайт, да. Жиндилер кала берет. Андыктан элдин маданиятын, аң-сезимин көтөрүү боюнча долбоор иштеп чыгып ишке ашырбайбы? Бирок, ага мээ керек да…

Булак:Де-Факто

0