Жапаров менен Рахмон экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

1096

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда, Тажикистан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тараптар чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулап, ок атышууну толук токтотуу жана аскер күчтөрүн ордуна жайгаштыруу маселесине өзгөчө көңүл бурушканы белгиленди.

Жапаров менен Рахмон чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине байланыштуу өкмөт аралык комиссиянын жыйынын баштоо боюнча да пикирлерин айтышканы кабарланды.

Маалыматка ылайык, президенттер чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тараптар ортосундагы жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

+1