Жапаров: Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим

168

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоодо добушун абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго бергенин ырастады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүүгө тийиш. Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин акыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышууга арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок”, – деп жазган Жапаров добуш бергенин саясатташтырбоого чакырган.

+1