Жаныш Бакиев Алматыга келип, кызмат, бизнеске кирише баштадыбы?

884

Жеке булагыбыздын билдиргенине караганда, Жаныш Бакиев Алматыга көчүп келип, бай-манапчасынан жашап жатканы каңкууланды. Ал тийешелүү адамдарды чакырып алып, уй мүйүз тарта акылдашып, айрымдарга тапшырмаларды берип, айтор, кадимкидей эле иштей баштаганы эмнени билдирет? Кызмат, бизнес жаатына өз адамдарын коюу, кайрадан таасир жаратуу менен алдыга суурулабы? Бул боюнча бийлик тыкыр иликтөөгө алып, элдик чечимге келиши керек. Себеби, Жаныш Бакиев бир канча буюртма өлтүрүүлөргө, 7-апрелдеги 90 баланын өлүмүнө айыпталып, ж.б. кылмыштары үчүн өмүр бою кесилбеди беле? Унутуп калдыкпы? Ансыз да баардык тармактарда кризис күчөп, кымбатчылык курчуп бараткан чакта, бийликке ашыкча көйгөйдүн эмне кереги бар? Мындай шартта Бакиевдерден оолак турбайсыңарбы? Тескерисинче, өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлерди кармап, камакка алуу менен калың катмардын моокумун кандырса болот. 

“Азия Ньюс” гезити

0