“Эмгек” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аттанып, аты ташыркап калган шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров 2020-жылы мамлекеттен 213 миң 422 сом жөлөк пул жана компенсация алыптыр, эй! Кыргызстандагы “кɵмүр магнаты” миллионер Болотбек Абировдун кɵзгɵ басаар баласы болгон Жакебиз жөлөк пул алгыдай буту-колу сынган же көзү көрбөгөн майып беле?! Жок, болгону колдогу бийликти пайдаланып казынанын акчасын ашап койгон. Бул маалымат анын 2020-жылдагы салык декларациясында көрсөтүлгөн.
Эми Жаныбек Абировдун финансылык отчетуна көз чаптырсак, анын жалпы жылдык кирешеси 1 миллион 423 миң сом экен. Ошол эле учурда салык алынбаган салыктардын көлөмү 20 млн. 372 миң 922 сом болуп, алардын 14 млн. сомун жакын туугандардан белекке алынган мүлк түзгөн. Атасы Болотбектин ТЭЦти сологондогу акчаларын белекке берди кылышса керек? Мындан тышкары 6 млн. сом – жеке айыл-чарба продукцияларын сатуудан түшкөн киреше болгон.
Ошол эле учурда Жаныбек Абировдун Бишкектин борборунда эки квартирасы бар. Lexus-570 маркасындагы 2011-жылы жана 2017-жылы чыккан, наркы 11,2 млн. сом турган эки машинаны алмак-салмак тебет. Мындан тышкары 40 млн. сомго бааланган ири мүйүздүү малы да бар (топоздор жана жылкылар). Мал бакккан сарайы кайда болду экен, ким билет? Ушунча малга айыл-өкмөтүнүн справкасы барбы?
Отузга толо элек жатып бийликтин бийик баскычына чыккан Ж. Абиров 2018-жылы сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланып жатып, “Мен БШК төрагасы болгондон кийин коомдук башталышта иштейм, акча албайм. Мен ала турган акчаны кайрымдуулукка жана Бишкектин социалдык обьектилерине жумшайм” деп элге жар салган.
Көрсө, бул Жаныбек Абировдун кезектеги популисттик кадамы экен. Ал айлыктан баш тартмак тургай, кайра айлыгын жасалма жол менен көбөйтүп алганын жакында эле Башкы прокуратура аныктап, кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, муниципалдык кызматтардын функционалдык милдеттери өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарга теңдештирилип, эмгек акыларына 2 маяна өлчөмүндөгү үстөк акылар негизсиз кошулган.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 000 сом жана 150 000 сомго көбөйтүлүп, натыйжада шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына сарпталуучу бюджеттик каражаттар мыйзамсыз сарпталып, 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 581 700 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.
А бирок эл көзүнө топурак чачып “акча албайм, ала турган акчамды кайрымдуулукка жумшайм” дегени менен өткөн жылы эле мамлекеттин эсебинен 213 миң 422 сом жөлөк пул жана компенсация алганы, демек, мамлекеттен акча алып, аны кайра өзүнүн атынан кайрымдуулукка жумшаганы (эгер жумшаса) арамзалык менен митайымдыктын жеткен чеги эмеспи?
Учурда бул эргулдун шылуундук схемасы сокурга деле дайын болуп калды. Жаныбек Абиров «Эмгек» партиясынын катарында шааркеңештин депутаты, андан ары кайрадан төрага болуп келсе мамлекеттин казынасын азуулуу ач карышкырдай кемирип кесип жегенин уланта берээри бышык. Ошон үчүн кимди шайлаганы жатканыңарды бир саамга ойлонуп койгула, урматтуу шайлоочулар!
Булак:ЧЫНДЫК