Жаныбек Абиров биринчи күйөсү менен ажырашпай туруп экинчи эрге тийген аялдай болбой бир партиядан чыгып туруп экинчисине кирсе болмок…

643

Үстүбүздɵгү жылдын 11-апрель күнү ɵтɵ турган Жергиликтүү Кеңештин шайлоосун утурлай үгүт иштери абдан кызуу жүрүп жаткан маал. Айрыкча Бишкек Шаардык Кеңештин депутаттыгына так талаш катуу жүрүп жатат. Учурдагы Шаардык Кеңештин тɵрагасы Жаныбек Абиров бул жолку шайлоодо Салымбековдордун «Эмгек» партиясын жетектеп чыкты. Катарында жалаң кɵпɵстɵр менен буга чейин бир эмес, 2-3 ирет депутат болсо дагы куурай башын сындырбаган Шаардык Кеңештеги эски жүздɵр. Жаныбек Абиров айтылуу «кɵмүрмагнаты», ТЭЦке кɵмүр ташуу менен бизнес кылган «Рассвет Компании» ЖЧКсынын кожоюну Болотбек Абиров дегендин уулу. Болотбек Абировичтин кɵмүр ташуудан башка дагы толгон-токой бизнестери бар. Жаныбек Абиров 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясынын тизмеси менен Бишкек Шаардык Кеңешке депутат болгон. Атамбаев менен «старший» Абировдун жеке мамлеси жакшы болгондуктан баласын КСДП партиясына киргизгенин, а түгүл 2018-жылы Бишкек Шаардык Кеңештин тɵрагасы кылганын ошол учурда жазганбыз. Кыргызда: «Соодагер баркы менен бɵз ɵтɵт, ата баркы менен кыз ɵтɵт», -деп таамай айтылган сɵздɵгүдɵй атасынын баркы менен «гүлдɵгɵн» жигит так ушул Жаныбек Болотбекович. Абиров мырза тɵрага болгондо болгону 30 гана жашта гана эле. Эми ойлонуп кɵрсɵңүз, каржылык жактан алсыз болсо, атасы кийлигишпесе мурун-кийин элге бир кызматы менен кɵрүнбɵгɵн, аты-жыты билинбеген «молокосос» Жаныбек Абиров кантип борборго депутат болот, кантип тɵрага болот?!

Ошентип атасынын аркасы менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «сүйүктүү» кадрына айланып карерьалык секириктерди жасаган Жаныбек Абиров Атамбаевден оомат оогондон кийин ɵзгɵрдү. Атамбаев деген фамиля тууралуу сɵз болуп калса, «Кайсы атамбаев, Жалил Атамбаевби?..», -деген деңгээлге жеткенине күбɵ болуп таң калганбыз. Атамбаевди эле эмес, Жакебиз бир кезде Шаардык Кеңешке депутат, а түгүл тɵрага кылган КСДП партиясын унуткан. Партияны эле унутпай Жакебиз жаштык кылып партиядан чыгып коюуну да унутуп, башка партияга кирип алыптыр, эй! Баягы биринчи күйɵсү менен ажырашпай туруп экинчи күйɵсүнɵ тийип кеткен аялдай эле болуптур Абиров. Бул боюнча тиешелүү тармактар азырынча чечим чыгара элек…

КСДП:  Бишкек Шаардык Кеңеш (БШК) депутаттыкка аттанган беш талапкер дагы деле КСДП партиясынын тизмесинде!

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев түптɵгɵн Кыргызстан социал-демократтар саясий партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү жана активист жана Роза Түрксевер айым КСДП партиясын тейлеген Ирина Карамушкинага, “Бишкек Шаардык Кеңегке (БШК) аттанган “Ынтымак”, “Эмгек” жана “НДПК” партияларынын айрым талапкерлери дагы деле “Кыргызстандын Социал-демократтар” партиясынын иштеп жаткан мүчөлөрүбү?”, -деген суроо менен кайрылган. Тагыраагы 2016-жылы БШКнын шайлоосуна КСДП партиясынын тизмеси менен барган талапкерлер дагы деле КСДП партиясында мүчɵбү деген суроону кабыргасынан койгон. Маалым болгондой ал төмөнкү аты аталган адамдар тууралуу маалымат сураган:

 “Эмгек” саясий партиясынын талапкерлери:

  • Жаныбек Абиров (№1);
  • Сергей Шин (№4);
  • Светлана Кенжебаева (№6);
  • Токтосун Султанов (№11);
  • Сергей Балакин (№14);
  • Жумабек Салымбеков (№16);
  • Калыбек Чепеев (№17);
  • Анара Мамбетова (№24);
  • Асель Пирматова (№27);
  • Эрмек Усубалиев (№29);
  • Марлен Токтоналиев (№37).

 НДПК партиясынын талапкерлери:

  • Нуржан Тынымсеитова (№9);
  • Шаукет Нурдинов (№11);
  • Алмазбек Уланов (№55).

 “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлери:

  • Олег Попиков (№25).

Бул суроого КСДПнын төрага орун басары Ирина Карамушкина, аталган адамдардан 10 гана талапкер КСДПдан чыгуу тууралуу арыз жазып, калган бешөө арыз жазышпаганын билдирген. Карамушкинанын маалыматына таянсак бүгүнкү күндɵ башка партия менен талапкер болуп чыккан 5 талапкер дагы деле КСДП партиясынын мүчɵсү экендигин жана алар тизмеден чыгуу үчүн арыз жазбаганын билдирген: Алар:

  • Жаныбек Абиров
  • Анара Мамбетова
  • Марлен Токтоналиев
  • Нуржан Тынымсеитова
  • Олег Попиков

Роза Турксевер Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жогорудагы 5 талапкер боюнча териштирүү жүргүзүүнү талап кылып кайрылган. Анын пикиринде бул талапкерлер мыйзамдарды бузуу менен талапкерликке көрсөтүлгөн. Тактап айтканда “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  мыйзамдын  49-беренесинин 6-бөлүгү боюнча, саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. “Саясий партиялар” тууралуу мыйзамда КР жараны бир гана саясий партияга мүчө боло алат. Ал эми бир партиядан чыгып экинчи партияга киргендер толтура. Андай болсо катардагы “сойку” саясатчы катары аты аталган менен мыйзам бузулмак эмес.

Эң кызыгы жапжаш туруп «прицип» дегенди жыйыштырып коюп, партиядан партия алмаштырганды мыкты ɵздɵштүргɵн Абировдун тарапташтары Жаныбек Абиров КСДП партиясынан расмий арыз менен чыкканын, ал Сагынбек Абдырахманов ɵзүм билемдик менен түзүп алган КСДП партиясына арыз жазганын айтып атат. Аны менен кошо Абдырахманов жетектеген КСДП партиясы мыйзамдуу экенин баса белгилешүүдɵ. Эми суроо жаралат Абиров 2016-жылы кайсы КСДП партиясына кирди эле?! Албетте, Ирина Карамушкина жетектеген КСДП партиясына кирип, ошол партиянын тизмеси менен мандат албады беле! Анан ал партиядан оомат ооогондон кийин капчыктуулардын “колтугуна” кирип кеткени кандай? Эгер атамбаев түзгɵн КСДП партиясы юридикалык жактан туура эмес болгон болсо Шаардык Кеңешке кантип катышат эле. Борбордук шайлоо комиссиясы эбак четтетмек да, туурабы?!

Чын чынына келгенде КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана активист жана Роза Түрксевер талап кылган беш талапкерди. Тагыраагы  Жаныбек Абиров, Анара Мамбетова, Марлен Токтоналиев, Нуржан Тынымсеитова жана Олег Попиковдорду шайлоодон четтетиш керек жана аларды «кош партиялуулук» менен талапкер кылып чыгарган партияларга чара кɵрүлүшү керек! Мыйзам деген баарына бирдей болушу кажет эмес…

Эржигит Алманбетов

Булак:Де-Факто

0