— Жанар мырза, бүгүн Жогорку соттун төрайымы кызматынан кетти. Бул “сот тармагында өзгөрүү жүрүп жатат” дегенди туюндурабы?
— Жогорку соттун төрагалары улам алмашып жатат. Парламентти билесиз да, “жок” дебейт, баарын колдоп берет. Азыр коомчулук “баланчанын ордуна түкүнчө келет” деген жаңылыкты эң актуалдуу тема катары талкуулап жатышат. Бирок, сот тармагындагы өзгөрүү жеке адамдан көз каранды эмес. Сот системасын түп-тамырынан өзгөртүү үчүн президенттин саясый эрки болушу керек. Мисалы, Грузияда биз суктанарлык далай реформа болду, экономика, укук коргоо тармагында. Грузия эл аралык көп рейтингдерде абдан алдыга озуп чыкты. Мен реформанын авторлорунун бири, Грузиянын мурдагы өкмөт башчысы Ника Гилауринин китебин окуп чыктым. Ал киши бир катачылыгын мойнуна алып жазып атат: “Биз баарын жакшы кылдык, бирок ошого карабай, шайлоодо биздин партия жеңилип калды. “Биз реформанын баарын жасап, айлыктарды көбөйтсөк, жарык өчпөй калса, милиция өзгөрсө, эмне үчүн эл бизди шайлабады?” деп таңгалдык. Анан анализдеп көрсөк, биз сотту реформалабай коюптурбуз. Көрсө, реформаны соттон баштоо керек тура. Сот өзгөрбөсө, баарын өзгөрткөнүң бир тыйын экен” дейт. Чын эле, азыр бизде да көчөгө чыгып, “соттор адилеттүүбү?” деп сурамжылоо жүргүзсөк, жүз адамдан токсону “жок” деп жооп берери бышык. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү камалат, эки айдан кийин эле соттор чыгарып аткан болот. Соттун имаратынын жанына барсаңыз, айыл-ападан адилеттик издеп келген байкуштар же адвокатка акчасы жок, “бүт тааныш аркылуу чечилет турбайбы” деп нааразы болуп жүрүшкөндөрүн көрөсүз. Өткөн чакарылыштын депутаты болуп турганда мага келген каттардын жетимиш пайызы соттон адилеттик таппагандар болчу. Соттордун айлыктары көтөрүлдү. 160 миң сом – уурдабаганга, пара талап кылбаганга кенен жетет. Кыргызстан боюнча 500дөн ашуун судья бар. Эми алар өз жоопкерчилигин сезеши керек. Себеби, “160 миң сом айлык алат” деген мугалимдерге, дарыгерлерге катуу тийди.
— Катуу тиймек турсун, коомчулукта нааразылыкты пайда кылды.
— Сотту дагы, министрди дагы мугалим окутат да. Ошондуктан, аларды баркташыбыз керек болчу. Акча табылса эле дароо мугалим менен дарыгерлердин айлыктарын көтөрүү зарыл. Соттор буга чейин деле 50-60 миң сомдон айлык алышчу. Социалдык адилеттүүлүк үчүн эле карап көрөлү, мен мисалы, кедей-кембагал сот көрө элекмин. Бирок жакыр мугалим, жакыр врачтар толтура. Кандайдыр бир иш-чара болуп калганда мугалим менен сот келип калса, сот төргө отурат. Ушундай көрүнүштөрдөн арылышыбыз кажет.
«Азия Ньюс» гезити