Жалкоо илимпоздорду Сүйүнбек Касмамбетов ойгото баштады

486

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек
Касмамбетов идеологияны улуттук дөөлөттөр менен айкалыштырып
алып баратат. Жакында улуттук илимдер академиясында өткөрүлгөн
элдик курултайга даярдык жыйынында да улуттук иденттүүлүк
маселесине өзгөчө көңүл буруу менен алдыда өтө турган жыйындын
мурдагылардан айырмасы асман менен жердей экенин баса белгиледи. Мамлекеттик катчынын демилгеси менен курултайды
өткөрүү боюнча элменен аймактарда 162 жолугушуулар өткөрүлүп,
көйгөйлөр талкууланып, беш илимий конференцияда курултайдын
теориялык жана укуктук жагдайлары каралып, үч жолу
интеллигенциянын катышуусу менен илимий талкуулар уюштурулуп, “Ата
салты, эл наркы” деген ат менен телепрограммалар көрсөтүлүп,
негизги өзөгүбүздү талкуулаган 19 берүү өткөрүлгөн. Мамлекеттик
катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун дем бергенин мындан билели: өзгөчө
ыкшоо болуп, инерттүүлүккө өтүп алган жалкоо илимпоздорду коомдо
болуп жаткан окуяларга үн кошууга, курултайга жигердүү катышууга
чакырды. Түпкүлүгүндө маани-маңызын, анда карала турган
маселелерди элге кеңири жеткирүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Булак: “Азия Ньюс” гезити

0