Жалал-Абад шаарында Апрель окуясы эскерилди

99

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында 2010-жылдагы Апрель окуясы эскерилди. Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, мэр Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жамааттары жана тургундар катышты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарада гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан соң театрлаштырылган көрүнүш чагылдырылып, эскерүү сөздөрү айтылды.

“Шаардын мэри 7-апрель окуясынан ар бир бийликтин бутагы сабак алып, мындай катачылыктарга жол берилбеши керектигин айтты. Бул күнү жаркын келечек үчүн жанын курмандыкка чалган ар бир баатырдын эмгеги унутулбай турганын баса белгиледи”, – деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

0