Сутка ичинде өлкөдө эки адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 1995-жылы туулган Т.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу тартылган. Натыйжа болгон эмес. Саат 21:20да караңгы киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 14-июнда издөө иштери уланат.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Байсоро суусуна 1980-жылы туулган А.Г. атту аял киши чөгүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылган. Бирок, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан аялдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.