Жаңы кодекстер: журналисттердин укугу корголобу?

335

Кыргызстандагы Көз карандысыз журналисттер союзу кодекстерге өзгөртүү киргизүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын укугу толук корголбой калганын айтып, Башкы прокуратурага кайрылышты.

Бирикменин өкүлдөрү кодекстердин сунушталып жактан долбоорунда журналисттердин укуктары эске алынбай калганын белгилеп жатышат. Ал сөз эркиндигине коркунуч туудурат деп коңгуроо кагышууда.

Журналисттер укугу кайсы кодекс менен корголот?

2019-жылы кабыл алынган Жоруктар жөнүндө кодекстин 89-беренесине ылайык (“Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу”) журналисттердин маалымат жайылтуусуна тоскоолдук кылган кишиге 40 миңден 60 миң сомго чейин айып пул салынат. Ал эми тоскоолдук кылган киши мамлекеттик кызматкер болгон учурда 60 миңден 80 миң сомго чейин айып пул же бир жылдан эки жылга чейин кызматынан четтетүү каралган.

Жаңы кодексте айып пулдар азайтылды

2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришти. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат. Бирок журналисттердин ишмердүүлүгү 130-берене мегег Админстративдик укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилди. Анда кабарчылардын маалымат таратуусуна тоскоолдук кылгандар мурункудай 60 миң эмес, 10 миң сом айыпка жыгылат. Ал эми кызмат адамдарына карата айыппул 80 миң эмес, 20 миң сом болуп азайды.


Көз карандысыз журналисттер союзу кодекстер улам өзгөртүлгөн сайын кабарчылардын укугунун корголуусу жумшарып баратканын белгилеп, ишти толук камсыз кылуу үчүн Кылмыш жаза кодексинин долбооруна атайын берене киргизүүнү туура деп эсептешет.

Тактап айтканда, кабарчылардын ишин кооптуу жумуштардын катарына киргизип, ишмердүүлүгүнөн улам ден соолугуна коркунуч жаралган учурда айыппул гана эмес, эркинен ажыратуу жазасын киргизүүнү сунуштады.

Көз карандысыз журналисттер союзунун жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков Башкы прокуратурага жазылган каттын мазмунун кыскача айтып берди:

“Өзгөчө тобокелчиликте иштеген кызматкерлер бар. Алар милиция, сот, жактоочу, дарыгерлердин баарынын атайын нормалар менен коопсуздугу камсыздалган. Бир гана журналисттердики жок. Ошону Кылмыш-жаза кодексине кайтаргыла деп жатабыз. Алар сунушталып жаткан Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстеги 130-беренени алып, Кылмыш-жаза кодексине 202-берене кылып киргизип коюшту. Бирок ал эски норма. 1997-жылдан бери заман өзгөрдү. Иликтөө жана башка жанрлар өнүктү. Бир гана маалымат таратууда эле эмес, чогултууда да тоскоолдук бар экенин айтып жатабыз. Экинчиден, митинг же иликтөө учурунда кол салуулар болсо эркинен ажыратуу керек. Тоскоолдук деп маалымат бербей коюу эмес, коомдук жайдан камерага тарттырбай жаткандарга да жаза киргизүү керек”, – деди Аманбеков.

Кыргызстанда журналисттердин ишмердүүлүгү жөнүндө эки мыйзам иштейт. Бири – “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө”, экинчиси – “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам. Буларда журналисттин укугу жана жоопкерчилиги так жазылган. Бирок журналист Семетей Аманбеков жоопкерчиликке тартуу нормалары кодекстерге бекитилбесе, бул мыйзамдар декларативдик документ бойдон калат деп чочулап жатат.

Учурда кодекстердин жаңы долбоорун Башкы прокуратура атайын түзүлгөн эксперттик топ менен бирге даярдады. Топтун мүчөсү, юрист Чолпонкул Арабаев медиа коомчулуктун бардык сунуштары эске алынарын айтып, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди:

“Мурунку вариантка караганда мыкты болду. Президент 7-июнда “сунуш берүүгө дагы убакыт бар, сөз эркиндиги, адам укугу жөнүндө чектөө болбошу керек” деди. Бардык сунуштарды угуп, киргизип жатабыз”.

Журналист Аскер Сакыбаева маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн коргоо үчүн бир гана мыйзамдар жетишсиз экенин белгилейт. Анын айтымында, баары бийликтин сөз эркиндигин камсыз кылуу саясатынан көз каранды.

“Кыргызстанда жакшы мыйзамдар жазылып, бирок аткарылбай калган учурлар арбын. Андыктан, мыйзамдан тышкары президенттин саясатынан дагы көз каранды болот. Буга чейинки тажрыйбадан маалымат алуунун ачык жана эркин болушу бир кишинин кадамдарынан көз каранды болуп калганын көргөнбүз”, – деди Сакыбаева.

Буга чейин айрым юрист, укук коргоочулар кодекстер боюнча талкуулар жабык өтүп, көз карандысыз журналисттер, медиа коомчулуктун өкүлдөрү катышпай калганын, Башкы прокуратура өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип алууга аракет кылып жатат деп сындап чыгышкан.

Мурдагы кодекстерди жазууга катышкан «Стратегиялык чечимдер» коомдук уюму президент Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылды. Анда 2019-жылы кабыл алынган кодекстер азыркы талапка ылайык жазылганы, жаңы сунушталып жаткан долбоордо жарандык коомдун, элдин үнү камтылбай калганы белгиленген.

“Адам укуктары жетишсиз корголгон кодекстер, аларда кыйноолорго, коррупцияга, жарандардын конституциялык укуктарын бузууга алып келген көптөгөн жоболор бар. Алар адам укуктарын коргоо тутумунда иштей албайбыз, ошондуктан өлкөдөгү жетишкендиктерди өз түшүнүктөрүнүн деңгээлине жеткирүү үчүн артка кайткыбыз келет деп жатышат. Ошентип, укук коргоо тутумунун кызыкчылыгы үчүн адам укуктарын курмандыкка чалууга аракет жасалууда”, – деп айтылат кайрылууда.

8-июнда кодекстердин сунушталып жаткан жаңы долбоорун иштеп чыккан эксперттик топтун жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев ал эч бир органдын кызыкчылыгына багытталбаганын билдирди.

2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Булак:Азаттык

0