Аракетти кылып, эмгегиӊди элиӊе арнасаӊ аныӊ сөзсүз бааланат. “Мен жасап жатам, иштеп жатам”, – деп догурунбай эле, жетекчи болсо деле карапайымдыгынан жазбай, эл менен бирдей эле аралашып жүргөн азаматтарыбыз арбын. Алардын сап башында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, Жеӊиш Жоробеков турат десек жаӊылышпайбыз. Жеӊиш мырза өз ишинин анык адиси, тажрыйбалуу чебери эле эмес уюштургуч жана адамгерчилик сапаты менен да ар качан эл баасына арзып келет. Канча жылдар мурда Тогуз-Тородо райондук милициянын жетекчиси болуп турганда да райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратын куруп, анда да шымаланы жумушчулар менен аралаша иштегенин али да эл эскерет. Андан бери канча суулар акты, канча мезгил өттү. Жоробеков ИИМ тармагында канча деген жогорку кызматтарда жетекчи болду. Бирок, өзгөргөн жок. Ош облусуна башкы милиционер болуп барганы ал жактагы көйгөйдү да чечүү жолун издеп, керек болсо бош убактысында курулушчуларга кошулуп, колуна кетмен, күрөк кармай ишке билек түрүнө киришип жатканын жалпы коомчулук жакшы билет. Облустук милициянын имаратынын кире беришинде чалдыбары чыгып жаткан имаратты бузуп ордуна жаӊы, заманбап имарат курдурууда. Эки кабаттан турган сегиз бөлмөлүү бул жаӊы имараттын курулушу 2023-жылдын 11-июнь күнү мурдагы көзөмөл өткөрүү жайынын ордунда башталып, ошол күндөн ушул күнгө чейин иш кызуу жүрүп келет. Имараттын биринчи кабатына жарандарды кабыл алуу жайы, көзөмөл өткөрүү жайы жана ыкчам тергөө тобунун эс алуу бөлмөлөрү, ал эми 2-кабатта кырдаалдык борбор, ардагерлер кеӊешинин төрагасынын бөлмөсү, маалыматтык-технологиялар бөлүмү жана милициянын генерал-майору Б.Нурматов атындагы музейди жайгаштыруу пландалып жатканы белгилүү.
Заманбап шартка ыктаган курулушта жетечи Жеӊиш Жоробеков кол алдындагы кызматкерлерге дем-күч берип, колу бошой калганда шымалана билек түрүнүп, өзү ишке киришип кетерин башта айттык.
Ал эми, милициянын түз милдети болгон кылмыштуулук менен күрөшүү, анын алдын алуу, кызматкерлерге кам көрүү жаатында да арбын иштерди жасоодо. Мекенди сүйүш үчүн кооз эле сүйлөп коюуу эмес, кериле кетмен чабуу да талап кылынат дегенди Жеӊиш мырза жонтери менен далилдеп келе жатат. Мына ушундай инсандар генерал болуп, өлкөнүн күрөө тамыры болгон тармактарды жетектесе эртеӊге карата үмүт оту алоолоп тураары ырас.
Булак:Де-Факто