Өзбекстандык гимнастка Оксана Чусовитина 2024-жылдагы Олимпиадага катышууга ниеттенүүдө

309

46 жаштагы өзбекстандык гимнастка Оксана Чусовитина 2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпида оюндарына катышууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу спортчу өзү Өзбекстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү менен жолукканда айтканын Uznews басылмасы кабарлады.

“Мен бул жөнүндө жакшылап ойлонуп, Азия оюндарынан кийин Париждеги Олимпиадага даярданам деген чечим кабыл алдым”, – деди Чусовитина.

Ал ортодо ушул күндөрү Ташкентте өтүп жаткан Өзбекстандын спорттук гимнастика боюнча чемпионатында Чусовитина тирөөч менен секирүү программасында жеңүүчү болгону кабарланды.

Чусовитина былтыр Токиодо өткөн Олимпиададан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктай турганын айткан. Бирок кийинчерээк Азия оюндарына даярдыктарды баштаганын билдирген.

Оксана Чусовитина Олимпида оюндарына сегиз жолу катышып, Гиннестин рекорддор китебине кирген.

0