Өзбекстандан өзгөчө ири өлчөмдө тамекини мыйзамсыз ташып кирүү аракети көрүлгөн.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, “Достук унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү товарларды аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды.
Белгиленгендей, “Достук” посту аркылуу “Кыргызмебель” БТЖга багыт алган эки жүк ташуучу унаа токтотулган.
Унааларды текшерүү учурунда “Platinum” үлгүсүндөгү 1 млн 529 миң 500 куту тамеки табылып, анын баасы 80 млн сомдон ашат. Бирок, товарлар бажы шартында зыгыр буласынан жасалган жип деп жасалма түрдө декларацияланган.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында мамлекетке келтирилген зыянды, жүктүн чыныгы ээлерин жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
0