Ысык-Көлдүн Тамчы айылында унаа окуучу баланы өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу “ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 23-июлда саат 22.00дөр чамасында орун алган.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 38-чакырымында Бостери айылынын 1984-жылы туулган Т.Н. аттуу тургуну “Тойота Клюгер” үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, капысынан жолго чыга калган жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ал Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылынын 2011-жылы туулган К.Д. аттуу тургуну болгон.

Белгиленгендей, жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

0