Ырчы Малика Дина Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн “Global Repuation Awards” иш-чарасында “The celebrity singer of the Asia” номинациясын жеңип алды. Мындай маалыматты Маданият министрлигине Малика Дина өзү кабарлады.
Номинацияга ээ болуп, сыйлык алгандардын арасында кыргыз ырчысы Малика Динадан тышкары өзбекстандык ишкер айым Луиза Шарахметова, түркиялык жазуучусу Эндер Сарач, түрк зергер буюмдарынын брендинин негиздөөчүсү Мюге Онаг, Өзбек актрисасы Асоль Шодиева жана башкалар бар.
0