Ырчы Иса Өмүркулов Бишкектин Октябрь РИИБсине жеткирилди. Бул тууралуу укук коргоочу органдардын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, жаш ырчы Исе Өмүркулов кыздар менен Бишкектеги кафелердин биринде отуруп, алардын акчасын төлөп бермекчи болгон. Кыздар кетип калышкан. Өмүркулов өзүнүн столунун акчасын төлөп, кыздардын акчасын төлөгөндөн баш тарткан. Алар чоң суммага буюртма беришиптир.
Айрым маалыматтарга караганда, Өмүркулов кафеге мас абалында келген. Учурда ал Бишкектин Октябрь РИИБсинде отурат.
Булак: Кактус.кж