Ырчы Анжелика чет өлкөдөн турак жай алды

596

Ырчы, ишкер, актриса Анжелика чет өлкөдөн ак өргөөлүү болду. Тагыраагы, ырчы Түркиянын Аланья шаарынан турак-жай сатып алганы өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

“Аланья хомс” компаниясынын Бишкектеги өкүлү болуп иштеп, ошол компания менен өнөктөш болуп келем. Былтыр жаңы салынган 5 жылдыздуу апартаменттен эки бөлмөлүү үйдү 3 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен алдым”, – деди ырчы.

Анжелика айым туулган күнүн Түркия мамлекетинен белгилей турганын, ал жактан деле иштерин кадимкидей уланта берерин айтат.

Булак:Супер.кж

0