Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Тɵрɵбаевдин мурду жыт билет. Саясаттын бурсуган жытын алыстан эле билет, эй! Саясатка аралашкан күнүнɵн тартып, жыт билгичтиги менен башкалардан айырмаланып келе жатканын баса белгилей кетели. Маселен, Курманбек Бакиевдин тилин таап «Ак Жол» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болду. Андан кийин 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин «Ак Жол» партиясынын катарынан чыгып ал кездеги Ɵкмɵт башчы Ɵмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы менен кайрадан парламентке депутат болуп келип таң калдырды. Анан ɵзүнүн «Ɵнүгүү-Прогресс» деген партиясын түзүп чыгып 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышты. Бир топ мандатын пулдады, бир тобун алдады дегендей. Анда дагы жыт алгыч Эргешовичтин «Ɵнүгүү-Прогресс» азыраак мандат менен Жогорку Кеңештин босогосун аттап келип дагы бир ирет таң калдырды. Анан эле 2020-жылдын октябрь айында ɵткɵн парламенттик шайлоодо Бакыт Тɵрɵбаевдин партиясы шайлоого катышкан жок, ал эми ɵзү да бир дагы партиянын катарынан кɵрүнбɵй бɵгүп жатты. Ошентип шайлоо ɵтүп, жыйынтыгы тополоң менен коштолуп бийлик алмашты. Натыйжада парламенттик шайлоо жокко чыкты. Кɵрсɵ шайлоонун жокко чыгып калаарын билген Бакыт Тɵрɵбаев ɵзү да катышпай, партиясын дагы катыштырбай коюптур, эй! Эми жыт сезгич Тɵрɵбаев бийликтин партиясынан жылуу орун тапканын эшиттик. Ɵзүнүн партиясы ɵтпɵй калаарын билип ɵтɵ турган партияга башын батырыптыр. Ыңгайга жараша ыктап, кырдаалга жараша кубула билгенди так ушул Эргешовичтен үйрɵнгүлɵ!
Нургазы Айтмырзаев
Булак:Де-Факто