ВИДЕО – Текебаевге кол салуу болду

1675

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге спорт түзүлүштөгү белгисиз адамдар кол салды. Өмүрбек Текебаев «Парк Отель» мейманканасынын кафетерийинде отурган. Белгисиз адамдар кирип келип, анын телефону менен көз айнегин алып кетишкен.

“Бийлик буларды таап камабаса шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт. Менин оюмча мындай коркутуп-үркүтүүлөр мындан кийин да күчөйт”, – деди Текебаев.

Саясатчыга үч маршрутка менен 70ке жакын адам барганы айтылды. Өмүрбек Текебаев муну саясий ишмердиги менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

+1