Учурда «Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев баш болгон талапкерлери Чүй облусун түрө кыдырып жүрүшөт. Жолугушууга келген эл өлкөдө позициясынан тайбаган жападан жалгыз лидер Текебаевди жана принцибинен кайтпаган «Ата Мекен» партиясын колдошоорун белгилешип, партиянын алдыдагы максаттары тууралуу ой бөлүшүүдө. Үгүт кербенинин алкагында жолугушууга келген эл Текебаевге ар кыл суроолорду узатышып, ынамдуу жоопторду алып жатышат. Элдин көпчүлүк катмары Текебаевди тажрыйбалуу саясатчы катары баалашып, өлкөнү кризистен сууруп чыгаарына ишенишээрин билдирип жатышат.
Чыгарылган күнү: 13.11.2021-ж. “Ата Мекен” СП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840006225) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.