ВИДЕО – Сокулукта 7 автоунаа жүктөп бараткан трал күйүп кетти

1051

Видеону тартып жаткан күбө тралдын бортунда Армениядан алып келе жаткан жети машина болгону айтылууда.

Сокулук районунда жеңил автоунааларды жүктөп бараткан трал күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрт болгон жерден тартылган видеону “Короче” Instagram баракчасы чыгарды.

Видеону тартып жаткан күбө тралдын бортунда Армениядан алып келе жаткан жети машина болгонун айтууда. Кырсык Күнтуу айылынын жака-белинде катталган.

ӨКМ өрт тууралуу 2-апрелде түнкү саат 00:00 чамасында чакыруу түшкөнүн билдирди. Жалын 3-апрелге караган түнү саат 01:05те чектөөгө алынып, 1:48де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаракат алгандар жок.

0