Видео – Сокулук эли Темир Сариевди бошотууну талап кылышты

809

Белгилей кетсек, Кумтөр маселеси боюнча “Ак Шумкар” партиясынын лидери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Темир Сариев камакка алынган. Анын жактоочулары эч кандай далили жок, мыйзамды одоно бузуу менен орун алганын айтып келишет. Ал эми Сариев бул айыптоолорду четке кагып, чындык үчүн акырына чейин күрөшөөрүн билдирген. Темир Сариевдин тарапташтары да тынчсызданып, жер-жерлерде аны камактан чыгаруу талаптарын коюп жатышат. Сариев камакка алынгандан бери бир дагы тергөө иштери жүргүзүлбөстөн, сурак болбостон, камакта олтурганы кандай? Андыктан, тергөө органдары тарабынан Темир Сариевдин жарандык укугу тебеленип жатат.

Темир Сариев “Кумтөр” маселесинде ар-дайым мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон позицияны карманып келген. Эгерде “Кумтөр” боюнча чыныгы адилеттүүлүккө жетебиз десек, анда 2003, 2009 жана 2013 -жылдары активдүү катышып “Кумтөрдүн” позициясын бекемдеп, мамлекеттин кызыкчылыгын саткан келишимге кол койгон аткаминерлер биринчи камалышы керек. 2003-2009-жылдары кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп койгондор суракка алынбай, жалган жалаанын негизинде башкалар камалып жатканы таң калычтуу. Убагында “Кумтөрдү” Темир Сариев жетектеген комиссия так жана даана иликтеп, бардык аргументтерди топтоп тиешелүү органдарга өткөрүп берген. Себеби, мыйзам боюнча Комиссиянын милдети кемчиликтерди аныктоо, калганын күч түзүмдөрү жүргүзөт. Комиссиянын кимдир-бирөөнү күнөөлүү деп атоо укугу жок. Андыктан мындай башаламан камоолордун арты жакшылык менен бүтпөйт. Баары укуктук талаада, мыйзам чегинде адилет чечилүүсү кажет!

Булак:ЧЫНДЫК

0