Саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды. Аталган маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү («Мамлекеттик чыккынчылык кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.
“2021-жылдын 13-апрелинде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде Кыргызстандын жарандары Марат Казакбаев жана М.Т. кармалышты”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.
Материалдар улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан кылмыш иш жашыруун болмокчу.