Видео – Нуржан Иманкулованын ачуу чындыгы, шамал кайдан согуп жатканы ачыкталды

3427

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова учурда маданият министрлигинин аткаминерлеринин катуу кысымына кабылып жатат. Ал өз каалоосу боюнча иш таштоого аргасыз. Бирок Иманкулова өлкөнүн башкы китепканасын модернизациялоо жана санариптештирүү пландарын ийгиликтүү баштаган. Маегинде ал мамлекеттик мекемелердеги “өлгөн жандардын” сырларын ачып, китепканадан 16-кылымга таандык байыркы 2 китепти 2012-жылы ким уурдап кеткенин кыйытты.

PS: Кечээ жакында, Маданият министри Нуржан Иманкулованы мыйзамсыз убактылуу ишинен четтеткени кабарланды. Ал күнү министрликтин өкүлдөрү агрессивдүү маанайда эмгек жамааттын уюлдук телефондорун чогултуп алып, шашылыш түрдө жыйын уюштурганы кандай? Ошол жерден эч кимге сөз бербестен Иманкулова убактылуу четтетилди деп, жаңы жетекчини тааныштыргандары мыйзамдуубу? Ал арада Нуржан Иманкулованын ишмердиги тууралуу айтабыз деген кызматкерлерди тыйып, алардын пикири менен эсептешпей кетип калгандары жалганбы? Жалпак тил менен айтканда министрликке Иманкулованын үзүрлүү иши эмес, креслосу керек болуп жатабы?

+1