Видео – Момбеков: жаңы шайлоо мыйзамы менен парламентке байлар менен бандиттер келет, силер президентти аңга алып баратасыңар

453

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда саясий туруктуулукка кедиргисин тийгизерин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-июлдагы жыйынында билдирди.

“Был мыйзам эмес резолюция. Ал эми революция менен резолюциянын арасында бир эле тамга. Бул мыйзам менен парламентке жаштар келе албайт. Базаркомдор, банкирлер, бандиттер, олигархтар келет. Ушул мыйзам менен башка ким, кантип келет? Ким кепилдик берет? Эч ким”.

Жогорку Кеңеште азыр шайлоо мыйзамдары талкууланып жатат. Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн.

0