Бишкек шаарынын түнкү көңүл ачуучу жайларынын биринен транссексуалга айланган 3 эркек менен ошол эле жерде эс алып отурган жарандын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташып кетишкен. Бул окуяны “Телекүзөт” программасы чагылдырган.
Патрулдук милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда транссексуалдарга айланган жарандардын бири экинчи тараптын бетине химиялык бет күйгүзүүчү затты чачып жиберген.
Тараптарды патрулдук милиция кызматкерлери жакынкы милиция бөлүмүнө алып барышып, андан соң тийиштүү наркологиялык экспертизадан өткөрүштү.
Транссексуалдар менен мушташып кеткен жаран окуя эмне себептен башталганын төмөндөгүдөй түшүндүргөн:
“Мага алар өөн учурады. Сырткы келбети кызга окшош, бирок “качок” экен. “Качок” кыз экен” деп койгом. Ошондой кийин балээге калдым. Андан кийин алар сөгүнүп башташты. Бул мен үчүн жийиркеничтүү көрүнүш болду. Булар мени атайын чагымчылдыкка түртүштү”, – дейт ал.
Эки тарап бири-бирине арыз жазуу үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.