Бүгүн, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскаватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып кеткен. Ал эми саат 11:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы башкы суу алуу түйүнүн (Головной) жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Алар экинчи мамычага да орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары тарабынан токтотулган.
Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видео көзөмөлдү алуу боюнча Баткен районунун акими А.Орозовдун тапшырмасы менен тийиштүү райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана чек арачылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда тажик тараптан ок атылган. Учурда кыргыз тарап видео көзөмөлдү алуу талабын коюп турат. Бирок тажик тарап макул болбой жатат.
Учурда сүйлөшүүлөр улантылып жатат. Чырдан эч ким жабыркаган жок.
Буга чейин 17-апрелде Баткендин Ак-Сай айылындагы Головной суу бөлүштүрүүчү жайындагы жерди оңдоп-түздөө иштеринин жүрүшүндө кыргыз-тажик тараптардын ортосунда чыр чыккан болчу.
Маалыматка караганда, аталган жерде кыргыз тарап оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда тажик тараптан 30дай адам келип, «бул жерди чогуу оңдойбуз, силер оңдобойсуңар» деп тоскоолдук жаратышкан. Андан кийин ишти токтотушкан.
Кийинчерээк Головной суу бөлүштүрүүчү жайында Баткен райондук суу чарба ишканасынын 10 кызматкери оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүп баштаган учурда Тажикстандын чек арачылары нааразычылыгын билдирип, ишти токтотууну талап кылышканы такталган.