Вангабек Бакыт Төрөбаев кадыры какшыган партиясын аламанга салабы?

514

2007-жылы айтылуу “Ак Жол” партиясы менен парламенттин босогосун аттаган Бакыт Төрөбаев ошондон бери Жогорку Кеңештен чыга элек (2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болгонун эске албаганда). 2010-жылы “Республика” партиясы менен мандат алса, 2015-жылы өз алдынча “Өнүгүү” аттуу партия түзө коюп, элге болушунча убадаларды берүү менен эл өкүлү болгонго жетишкен. Бакыт Эргешович кантсе да атанын уулу эмеспи, партиясынын ташыркап калганын сезип, 2020-жылы мандат кумарын кандырыш үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясына баш кошууга бел байлаган. Кийин кадыры кашыган Бакыт мырзаны “Мекеним Кыргызстандын” лөктөрү теңине албай койдубу айтор, шайлоого катышуу буйрубады. 2020-жылдын күзүндө болуп өткөн парламенттик шайлоолор элдик толкундоолор менен коштолуп, бийлик алмашууга алып келди. Ал ортодо Бакыт Төрөбаев шайлоого катышууга жан талашкан аракетинен майнап чыкпай, ара жолдо калганын унутуп, “биз билгенбиз” деп Ванга болуп чыга калбаспы? Ал эми кечээ жакында Бишкек шаардык кеңешине болуп өткөн шайлоолор ыплас аракеттер менен коштолуп, натыйжада шайлоо жокко чыгарылды. Кайран Бакем бул жерден да кыпчылып, “биз билгенбиз” деп жар салса болобу? Таң каласың, ушунчалык эле аналитик экен, шайлоого чейин алдыда күтүп турган окуяларды жар салбайбы? Жоо кеткен соң кылычын көтөрүп чыкканы эмнеси? Вангабек ой, Бакыт мырза алдыда боло турчу Бишкек шаардык кеңешине катышууга камынып жатыптыр. Сыягы бул шайлоо тынч өтөт окшойт, көзү ачык Бакебиз катышам деп шымаланып алганына караганда.

Таңгаласың, бул берен “Мурунку берген убадаларым не болду? Эл мени кайра шайлайбы? Көпчүлүктүн каалоосун аткарып, элдин таламын талаша алдымбы? 2015-жылдан бери “Өнүгүү” партиясына ишенгендердин ишеничи эмне болот?” – деген өңдүү соболдорду өзүнө-өзү бергенге жарабайбы? Эгерде мындай соболдорду өзүнө-өзү жакын жууткусу келбесе, биз берип көрөлү да. Бакыт мырза, биз журналисттик этика менен суроо берели. Бул эми эларалык тажрыйба да. Үндөгөнгө жарайсызбы? Эл өкүлү деген миссия коомчулук алдында ачык-айкын болууга милдеттендирет. А сиз тикелей милдетиңизди сезе аласызбы? 

ЧЫНДЫК

0