УУ КОРГОШУНДУН ӨЛҮМГӨ АЛЫП КЕЛГЕН УЧУРЛАРЫ

270

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан адамдарды уу коргошундун кайнатмасы менен дарылоо сунушталууда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, мындай сунуш президент Садыр Жапаровдон келип түшкөн.

Ушул кезге чейин https://akipress.org/ сайтына уу коргошундан ууланган адамдар тууралуу кандай маалыматтар жарыяланган?

2007-жылы Новопавловка айылында 11 адам ууланган. Анын кесепетинен үч чоң киши каза болгон, калгандары аман калган. Ошол учурда “11 адам аконит (уу коргошундун илимий аталышы) же синил кислотасынан ууланган” деп божомолдонгон. Аконит менен ууланганда тил сенейип калат, башкача айтканда, сезгичтигин жоготот. Мындай учур Новопавловкада ууланган адамдарда байкалган.

2012-жылы саламаттык сактоо министринин орун басарынын айдоочусу жана саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын кароолчусу уу коргошундун кайнатмасынан ууланышкан. Алар кайнатманы арак менен алмаштырып ичип алышкан. Кароолчу каза болуп, айдоочу оор абалда ооруканага жаткырылган.

2014-жылы Бишкек шаарында үч адам уу коргошунга ууланган. Эркек киши көз жумуп, калган адамдардын ден соолугу дарылануудан кийин турукташкан.

2016-жылы Бишкек шаарында 56 жаштагы адам уу коргошунга ууланган.  Медициналык жардам көрсөтүлүп жатканда жүрөгү токтоп калган. Бирок кайра жандандыруу аракеттери ийгиликтүү аяктаган. Бейтап Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген.

2016-жылы Тоң районунун Туура-Суу айылында уу коргошундун кайнатмасын ичкен 29 жаштагы жигит көз жумган. Анын өлүмүнө уу коргошундун көлөмү көп болгону себеп болгон.

(Бул АКИpress агенттигине белгилүү болгон гана учурлар)

0