Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлыгына Кайрат Иманалиев дайындалды. Деги кадр саясаты каякка баратат? Такыр түшүнүксүз. Кайрат Иманалиев бул тармакта орун басар болгон да, а министр катары жарым жылча илешип, иштей албай кеткен. Таңгалычтуу. “УТРКдан алынгандан кийин бош жүрбөсүн, жок дегенде стол кучактап отура турсун, анан калганын көрөбүз” дегендей эле тамаша го. Ачыбаган камырдай болуп, бул пенде бийликке аябай эркеледи. Реалдуу алкакта көзгө көрүнө турган иши жок, улам бир кызматка секирип, тайраңдап жүрөт. Же калемгер катары көз кандыра турган чыгарма жарата албады, айтор, “эт менен челдин ортосунда”. “Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” дегендей, жердешчиликтин желаргысы менен кызматтарды көйнөктөй алмаштырууда. Бирок өнүмү жок, “өлүмсүк” сыяктуу образда.
«Азия Ньюс» гезити