Улуу мурасты аздектеп, аны өркүндөтүү үчүн бар дүйнөсүн чачкан Мирбек Райымов

601

Элибиздин эртеңки келечеги, улуттун улуу мурасына күйүп-бышкан кыргыздын бычакка сап жигиттери саналуу гана. Алардын бири Мирбек Райымов. Каарманыбыз кыргыздын эртеңки келечеги үчүн кайдыгер карабаган мекенин сүйгɵн инсан экендигин убакыт ɵткɵн сайын тастыктап келе жатат. Алгач ишкерликте ийгилик жаратып, андан кийин тапкан-ташыганын муктаждар менен бɵлүшүп, аны менен катар улуттук баалуулуктарды жайылтууда, улуу мурасты даңазалоодо тɵɵ кɵтɵргүс иш кылып келе жатканына күбɵбүз. Мына үстүбүздɵгү жылдын 27-28-март күндɵрү «Айтыш» фондунун 20 жылдыгына карата ɵтɵ турган тɵкмɵлɵрдүн Республикалык айтышы кыргыздын тунгуч жазма акыны Тоголок Молдо атабыздын 160 жылдык мааракесине арналып ɵткɵнү турат. Эки маанилүү маараке камтылган чоң айтыш Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын чоң залында ɵтɵт. Бул саамалыктын башкы демɵɵрчүлүк, дем берген сүрɵɵнчүлүк милдетин моюнуна алган Мирбек Райымов айтыштын байге фондуна жеке каражатынан 1,000,000 (бир миллион) сом бɵлгɵнүн угуп кубандык. Айтыш ɵнɵрүн, улуу мурасты аздек тутуп каржылык жактан каатчылык каптап турганына карабай каражат берүү ар кимдин эле колунан келе бербейт эмеспи. Бали дейли! Мекенибизде Мирбектей мыкты жигиттер арбын болсун…  

Булак:Де-Факто

+1