Мыкты уул-кыздарыбыздан элибиздин уучу кур эмес. Ар биринин элине кылган ак кызматы ат кɵтɵргүс. Мына ошол улан-кыздарыбыздан кем калбай бир топ убакыттан бери кыргызга кызмат кылып келе жаткан Саид Баюми тууралуу жазгыбыз келди. Саид мырза араб улутунан, түбү Египеттик болсо дагы Кыргызстанга чын жүрɵгүнɵн жардам берип келе жатканына тарых күбɵ. Ɵлкɵгɵ сырттан каражат таап келип, социалдык жактан ɵлкɵнүн ɵнгүшүнɵ сɵз менен айтып жеткиргис салым кошуп жатат. Кыргызстандын жарандыгын алганына кɵп болду. Мындан туптуура 21 жыл мурун Сауд Араб ɵлкɵсүнүн борбору Эр-Рияд шаарында негизделген «Бүткүл Дүйнɵлүк Жаштар Ассамблеясы» деген аталыштагы коомдук кайрымдуулук фонддун филалын Бишкекте негиздеп иш алып барып баштаган эле. Ал эми «Бүткүл Дүйнɵлүк Жаштар Ассамблеясы» фонду менен биргеликте 17 жыл мурун «Ассанабил» кайрымдуулук фондун да негиздеген. Азыр эки фонддун кайрымдуулук иштерин айкалыштырып жигердүү иштеп жаткан кези. Баюми мырза алгачкы жылдары мечит куруп, жетим балдарга ар тараптан колдоо кɵргɵзүп келген болсо, азыр кайрымдуулук фонддун иш багытын мектеп, бала-бакча жана ФАП курууга бурган. Саид устаз жетекчилик кылган фонддордун демилгеси менен ɵлкɵбүздүн баардык аймактарында жүздɵгɵн социалдык имараттар ишке кирип, элге ɵз кызматтарын кɵргɵзүп жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы. Жакшы ниет менен Кыргызстан үчүн жасаган соопчулук иштериңиз жүз эселеп ɵзүңүзгɵ кайтсын Саид мырза! Сизге ыраазы болбогон кыргыз жок…
Амантур Мусагул уулу
Булак:Де-Факто