Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп Мадамин Каратаев дайындалды

84

Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп Мадамин Каратаев дайындалды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Каратаев өзү тастыктады.

Анын айтымында, бүгүн ал жамаатка тааныштырылды.

Эскерте кетсек, Мадамин Каратаев 2018-жылдын июнунан 2021-жылдын 25-мартына чейин саламаттык сактоо министринин орун басары кызматын ээлеген.

0