Улуттук банк финтех компаниялар тууралуу мыйзамга терс көз карашта. Бирок, жогорку технологиялык жараяндар Кыргызстандагы каржылык мамилелердин түзүмүн жана операцияларын түп тамыры менен өзгөртөт. Муну менен катар финтех компаниялар Кыргызстандын бардык жарандарына сатып алууларын жана каражаттарын он-лайн режимде күнү-түнү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Миллиондогон адамдар банк кеңселерине барып, кезек күтүүдөн жана каржылык операциялар үчүн каражат төлөөдөн кутулат. Тилекке каршы Улуттук банктын башкармалыгы, анын төрагасы төлөмдөрү жана акча которуулары ондогон сааттарды, ал тургай сутканы камтыган банктар менен иштешүүгө ыңгайлашкан. Кыскасы, XXI кылымда эскиче иштеп, элдин түртүшүп, документ толтуруп, банктарда жүрүүсү алар үчүн пайдалуудай…
С.Жылкычиев,журналист.