Улукбек Марипов ойлонбой сүйлөп, душмандарга колтук ачканы үчүн жазаланышы зарыл

1229

“Төрт-Гүл суу сактагычынын башын коңшуларга алдырдык…” деп өкмөт башчы Улукбек Марипов ойлонбой сүйлөп, тажиктердин чырагына май тамызган. Учкундан жалын тутанып, балээнин баары ушундан башталганы жалганбы? Болгондо да Жогорку Кеңештин трибунасынан былжыраган! Аныгында, душмандар биздин стратегиялык байлыгыбызга көз артышып, баскынчылык кылышканы, жерибизди тебелешип, суубузду буруп кетүүгө далалат жасашканы күйгүздү го? Согуштан канчалаган мекендештерибиз жан беришти? Мамлекетибиз солкулдап барып тынчыды. Сырыбызды алдырдык. Чыркырадык! Премьер-министрдин алешем сөзү, аңдабаган ой жүгүртүүсү эбегейсиз чоң зыянга жол чапты. Натыйжада, Улукбек Мариповду жоопкерчиликке тартуу маселеси каралабы? Болбосо элдин көксөөсү суубайт! 

“Азия Ньюс” гезити

0